Биз жөнүндө

Volunteer.kg – бул ыктыярчылык, Кыргызстандагы ыктыярчыларды өз ишмердигине тартуучу уюмдар, долбоорлор жана демилгелер тууралуу онлайн платформа.

Ыктыярчылар чоң мааниге ээ, биздин иш-аракеттерибиз биз жардам берген адамдар үчүн гана эмес, өзүбүздүн да жашоону өзгөртө алат!

Ыктыярчылык бул сиздин ыңгайлуу зонадан тышкары чыгуу мүмкүнчүлүгү. Сиз жаңы адамдар менен таанышасыз, лидерлик жөндөмүңүздү өркүндөтөсүз, чакырык жасайсыз, көңүл ачасыз жана эң негизгиси дүйнөнү жакшыртасыз!

Ыктыярчылар булар кимдер?

Биз коомдун ар кайсы тармактарынан келип чыкканбыз: биз иштеген адамдар, адистер, студенттер, жаштар жана пенсионерлербиз.

Ыктыярчы катары эмне кыла аласыз? Ар бир адам үчүн ыктыярчылык иш бар, спортто ыктыярдуу жардам көрсөтүүдөн баштап, биринчи жардамга чейин, майыптарды колдоо жана коомчулук үчүн маалымат сессияларын өткөрүү жана башка көптөгөн жолдору бар. Албетте, сиз өзүңүзгө ылайыктуусун таба аласыз.

Ыктыярчылар өз жамааттарына жана айланадагы адамдардын жашоосуна чоң салым кошушат. Биз айткыбыз келген нерсе: сиз да жакын жердеги идеалдуу мүмкүнчүлүктү табып, ыктыярчы боло аласыз, ал  үчүн онлайн платформага volunteer.kg кириңиз!

ЫКТЫЯРЧЫ! БИЗ МЕНЕН ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТ!

(шилтемелер)

Эскертүү: сайт 2018-жылы Кыргыз Республикасындагы Кызыл Ай Коому тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин (мурда) техникалык колдоосу менен иштелип чыккан.