Ыктыярчылык ушул жерден башталат!
Келгиле, дүйнөнү чогуу жакшыраак кылалы! Идеяларыңызды жана ишенимдериңизди ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү эң биринчи долбоорду табыңыз, бирдиктүү максат менен бириккен ыктыярчылардын командасынын бир бөлүгү болуңуз.
«BIRGE» – республикалык волонтерлор форуму!
Кечээ, 11.02.2024, биринчи масштабдуу ыктыярчылар форуму өттү. «BIRGE» бизге мыкты спикерлер менен пайдалуу кече тартуулады. Бул кечеде Азамат Абдыбахапов, Айжан Абдесова, Бекболот Сталбеков, Данил Цой, Нуржигит Асанов, Умар Даданов, Малика Молтоева, Адинай Керимова, Эркин Нурбаев,... Көбүрөөк билүүВолонтерлордун биринчи республикалык форуму – “BIRGE”!!
ЭРТЕҢ саат 10:00 до Борбор Азиядагы Америка Университетинде форум өтөт. Ал иш-чарада катыша турган спикерлер: Азамат Абдыбахапов, Айжан Абдесова, Бекболот Сталбеков, Данил Цой, Нуржигит Асанов ж.б. Биз ошол жерде болобуз жана сиздерди күтөбүз, урматтуу ыктыярчылар!... Көбүрөөк билүүУчурдагы долбоорлор жана программалар
Бул бөлүмдө биз дүйнөнү жакшы жакка активдүү өзгөртүп жаткан эң актуалдуу жана таасирдүү ыктыярчылык долбоорлорду сунуштайбыз. Бул жерден Cиз бүгүн чыгармачылык өзгөрүүлөрдү жаратууга катышуу жана бизге кошулуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат таба аласыз!
Ыктыярчылык уюмдар
Бул жерден сизди өз катарына кабыл алууга даяр ыктыярчылык уюмдар тууралуу маалымат таба аласыз. Бул активдүү уюмдар менен миссиялар, баалуулуктар жана ыктыярчылык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө көбүрөөк билиңиз.
Атактуу ыктыярчылар
Биздин атактуу волонтерлор дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткөн чыныгы баатырлар. Бул жерде сиз алардын окуяларын, жетишкендиктерин жана алар бизге алып келген илхамын таба аласыз.