2023-жылдын 14-декабрында Бишкек шаарындагы Дордой Плаза соода борборунда, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен жаштар уюмдарынын жарманкеси өткөрүлүүсү пландалууда.


Жаштар уюмдарынын жарманкесине Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан 20дан ашык жаштар саясатын ишке ашырган уюмдар катышат.
Иш-чаранын негизги максаты – бир аянтчага ийгиликтүү интеграциялоо үчүн бай тажрыйбасы бар, активдүү жаштар уюмдарын чогултуу жана жаштарга өз ара таанышууга көмөк көрсөтүү, тажрыйба, идея алмашуу болуп саналат.


Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү кызыктуу интерактивдик оюндар жана фотозоналар уюштурулат, мыкты ыктыярчыларга мактоо баракчалар менен белектер тапшырылат. Жаштар уюмдарынын жарманкесине бардык кызыкдар тараптар жана жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышат.