Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги туруктуу өнүгүү максатындагы жаш элчилерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги туруктуу өнүгүү максатындагы жаш элчилерди тандоо боюнча сынак жарыялайт.

Катышуу талаптары:

  • 16 жаштан 35 жашка чейин жаштар;
  • Туруктуу өнүгүүгө байланыштуу долбоорлорду же программаларды иштеп чыгуу тажрыйбасы;
  • Презентация, эл алдында сүйлөө жана отчет берүү көндүмдөрү;
  • Бир жыл бою программа менен иштөөгө даяр болуу;

Милдеттери:

  • ТӨМ миссияларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
  • Кыргызстанда ТӨМдүн максаттарын жана милдеттерин илгерилетүү жана жайылтуу үчүн иш-чараларга, конференцияларга, семинарларга жана башка платформаларга активдүү катышуу;
  • Долбоорлорду жана программаларды биргелешип ишке ашыруу максатында туруктуу өнүгүүгө кызыкдар уюмдар, мекемелер жана ишканалар менен өнөктөштүк мамилелерди издөө жана түзүү;
  • ТӨМдүн кызыкчылыктарын улуттук жана эл аралык органдарга жана жамааттарга көрсөтүү;

Сынакка катышуу үчүн сайтына табыштама берүү зарыл.
Мөөнөтү: 31.05.2024
Бардык суроолор боюнча телефон номерине кайрылсаңыздар болот
.