Кечээ, 11.02.2024, биринчи масштабдуу ыктыярчылар форуму өттү.

«BIRGE» бизге мыкты спикерлер менен пайдалуу кече тартуулады. Бул кечеде Азамат Абдыбахапов, Айжан Абдесова, Бекболот Сталбеков, Данил Цой, Нуржигит Асанов, Умар Даданов, Малика Молтоева, Адинай Керимова, Эркин Нурбаев, Жакшылык Бекназаров аттуу спикерлер ыктыярчылардын алдында кереметтүү сөздөрүн айта кетишти.

Ошол эле учурда атайын коноктор чакырылды: Чыңгыз Айдарбеков, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы жана Дастан Бекешев. Уюштуруучулар интерактив, жарманке жана байге ойнотуулары менен да кубандырышты.

Бүткүл республиканы камтыган мындай масштабдуу иш-чара үчүн уюштуруучуларга жана спикерлерге Кыргызстандын ыктыярчылар атынан ыраазычылык билдиребиз.

«BIRGE» – республикалык волонтерлор форуму.