Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Өзбекстан Республикасынын Жаштар иштери боюнча агенттиги 2024-жылдын 25-30-июнь күндөрү Өзбекстан Республикасынын Бухара, Самарканд, Жизак, Хива жана Ташкент сыяктуу тарыхый жана байыркы шаарларында Жаштардын глобалдык фестивалын өткөрүүнү пландаштырууда экендигин маалымдайт.

Фестивалдын максаты – дүйнө жүзүндөгү жаштарды пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу жана актуалдуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө биргелешип иштөө үчүн бириктирүү. Жаштар арасында диалогду, түшүнүктү жана кызматташтыкты жайылтуу менен, фестиваль лидерлердин кийинки муунуна позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоого, инклюзивдүү жана туруктуу дүйнөнү курууга мүмкүнчүлүк берүүгө умтулат.

Катышуучулардын негизги категориялары: мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жетекчилери/өкүлдөрү, жаштардын активдүү лидерлери, активдүү жаштар, креативдүү индустрияны өнүктүрүү жаатындагы жаш адистер, жаш жазуучулар/акындар, жаш окурмандар, сүрөтчүлөр жана скульпторлор, басмаканалардын өкүлдөрү жана башка искусство өкүлдөрү, жаштардын көйгөйлөрүн изилдөө боюнча илимий кызматкерлер/адистер, жаштар парламентинин жетекчилери, жаштар парламентинин мүчөлөрү, экология жаатындагы адистер, жаш ишкерлер, жаш шахматчылар.

Уюштуруучулар чыгымдарды каржылашат:

  • ички транспорт;
  • тамактануу;
  • фестивалга байланыштуу чыгымдар;

Эки тараптуу аба каттамдары катышуучулар тарабынан жабылат.
Татыктуу тандалып алынган катышуучулар менен министрликтин өкүлдөрү байланышышат.
Бардык суроолор боюнча телефон номери боюнча кайрылсаңыздар болот
.

Жашы: 18-30 жаш
Күнү: 2024-ж. 25-30 – июнь
Мөөнөтү: 29.05.2024-жыл саат 23:59 га чейин
Регистрацияга шильтеме бул жерде!